Биз менен байланышыңыз

Ош: Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илимий конференция өттү

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 495 | 0

Бүгүн, 29-октябрда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Ош шаарында илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышып: “Турдакун Усубалиев өз ишмердүүлүгүндө республикадагы эл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Ал башкарган мезгил аралыгында Кант цемент-шифер комбинаты, Токмок айнек заводу өңдүү бир катар өндүрүштүк ишканалар ачылып, Токтогул, Үч-Коргон сыяктуу энергетикалык багыттагы ири курулуштар ишке киргизилген. Ошол учурларда биздин өлкө эт, жүн, кебез, кант кызылчасын өндүрүү жаатында алдыңкы катарда турган. Ага ылайык Турдакун Усубалиевдин жетекчилигинин арты менен Кыргызстан индустриялык-агрардык республикага айланган”, – деп сөз сүйлөдү.

Белгилей кетсек, конференцияда Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары да сөз сүйлөп, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.

Конференцияда Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу тасма жана мамлекеттик ишмердин өмүр жолун чагылдырган театралдык чыгарма тартууланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM