Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түркия элин Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 378 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков президент Режеп Тайип Эрдоганды жана Түркия элин Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков кесиптеши Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM