Биз менен байланышыңыз

Ундун баасын туруктуу кармоонун жолу айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 524 | 0

Өкмөт тегирменчилерге арзан баада буудай таап берсе, ундун баасын туруктуу кармоого болот. Мындай тажрыйба 2007-жылы ишке ашып, натыйжасын берген. Бул тууралуу Кыргызстандын «Тегирменчилер» коомунун жетекчиси Рустам Жунушов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Өкмөт арзан буудай таап бере албаса, тегирменчилер буудай баасын туруктуу жана төмөн кармоо үчүн эч нерсе кыла албай турганын айтат.

Жунушов белгилегендей, буудайдын айдоо аянттарынын кыскаруусу азык-түлүк коопсуздугуна зыян алып келет. Буудай жок болсо, ун комбинаттары жабылууга аргасыз болот.

«Эртеңки күнү 2010-жылдагыдай кырдаал жаралса, чек аралар жабылат. Буудай жок болсо жарандарды кантип ун менен камсыз кылабыз? Мамлекет жергиликтүү тегирмендерге арзаныраак буудай берип, ундун баасын көзөмөлгө алса болот», — дейт Жунушов.

Жунушов эки жылдын бери аткезчилик жол менен келген ундун баасы 2 сомго арзан сатылып, тегирменчилердин ишин токтотуп койгонун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM