Биз менен байланышыңыз

Жунушов: Ундардын 65% аткезчилик жолу менен келет

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 656 | 0

2014-жылы жергиликтүү ишканалар 350 миң тонна буудай өндүрсө, 2018-жылы бул көрсөткүч 180 миң тонна болуп, өндүрүш 55 %га түшүп кетти. Бул тууралуу Тегирменчилер бирлигинин төрагасы Рустам Жунушов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, рыноктогу ундардын 65 %ы аткезчилик жол менен келет. Алар жергиликтүү ундарга салыштырмалуу арзаныраак сатылат. Мындан улам, ата мекендик ун салтылбай калууда.

«Соодагерлер кардарларга Казакстандын унун мактайт. Анткени, аткезчилик жол менен келген ундан көп пайда калат. Мындан улам, жергиликтүү ун комбинаттары ишин токтотууга мажбур болуп, 3 миңдей адам жумушсуз калды. Бул маселени чечүү боюнча өкмөткө, депутаттарга, төрагага да кайрылганбыз. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров менен чек араларга чыгып, аткезчилик менен кирген товарларды далилдеп бергенбиз. Алсак, чек арадан бир түндө 94 унаа өтсө, Салык кызматында 26-27 унаа каттоого алынат. Чек арада мобилдүү топ иштеп жатканы айтылганы менен аткез товарлар өтүп кетүүдө», — дейт Жунушов.

Анын билдиргенине караганда, Кыргызстандан кеткен товарлар Казакстандын чек арасында тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Орусияга бара жаткан жүктөр Казакстанга киргенде да, чыкканда да салык төлөйт. Ал эми Кыргызстанда чек арадан өткөн товарлардын аты өзгөртүлүп көрсөтүлөт.

«Биздин сураныч, бардык ишкерлерге бирдей шартка коюшса. Мисалы, буудай салык төлөнүп киргизилип, кайра иштетилип сатылып жатат. Анда сырттан келген унга да салык төлөшү кажет. Өкмөт муну тыя албаса, жергиликтүү өндүрүшкө жеңилдик берсин. Расмий иш алып баргандарды салыктан бошотуп, жумушчу орундарын түзүүгө шарт түзүлүшү зарыл», — дейт Жунушов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM