Биз менен байланышыңыз

«Биздин тегирменчилер унга кошулмаларды кошпойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 620 | 1

Тегирменчилер бирлигинин төрагасы Рустам Жунушов «Марал» радиосуна берген маегинде аткезчиликтин айынан көптөгөн тармак кыйналып жатканын билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге кошулууга бир топ ишкерлер каршы болгон. Ага карабай, чек араларда салык көзөмөлү жакшы болот деп ишендиришкен. Бирок факты жүзүндө андай эмес.

Былтыр өлкөдө 600 миң тонна буудай өндүрүлгөн. Анын жарымы тоютка кеткен. Негизи Кыргызстан жылына 800 миң тоннадай буудай керектейт.

Жунушов быйыл буудайдын айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарып кеткенин айтып, эгер кыскартылбаса, ал жерден 250 миң тонна буудай түшөрүн белгилейт.

«Буудай аянты аз болууда. Тегирмендер ишин токтотуп жатат. Мындан сырткары, биздин ундун сапаты начар деп айта албайм. Казакстандын буудайы каралжын болот. Алар химиялык зат кошуп, агартышат. Ферменттер 3-4 айда жоголуп кетет. Биздин тегирменчилер фермент жана башка кошулмаларды кошпойт», — дейт Жунушов.

Маалыматка ылайык, учурда ун өндүрүү тармагында 30 ири жана 150 кичи ишкана бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    29.05.2019 20:33

    Озуну озу актабаган эгин эгуунун кереги жок, башка нерсе буурчак, базар да отумдуу нерсени табуу керек, бизге мал чарбасы жакшы дыр тоют ондруу керектир

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM