Биз менен байланышыңыз

Асанбеков: Кыргызстан алган багыт канааттандырбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 978 | 0

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстан алган багыт аны таптакыр канааттандырбай турганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө улуттук экономиканы түптөө стратегиясы, кризистик абалдан чыгуу программасы жокко эсе. Республикалык казына ишкерлердин Кытай, Түркия жана коңшу мамлекеттер менен соода алмашуусунун негизинде гана түптөлүп жатат.

Бийликтин социалдык, маданий, коопсуздук, саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чечүүгө кудурети жетпейт. Экономика жокко эсе.

«Өлкөдө акча каражатын колдонуу жана салык саясатын өзгөртүшүбүз керек. Жумуш менен камсыз кылуу багытында экономикалык стратегия түптөлгөндө гана социалдык маселелерди чечебиз. Жумушсуздуктун айынан калктын социалдык муктаждыгы жогору», — дейт Асанбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM