Биз менен байланышыңыз

Партия лидери: «Мекен Ынтымагы» куру убадаларды берген эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 519 | 0

«Мекен Ынтымагынын» башка саясий партиялардан айырмасы — эч качан куру убадаларды берген эмес. Мындай пикирин аталган партиянын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Мекен Ынтымагы» курулай убада бербей, иштин аткарылуу процесстерине илимий жактан басым жасагандыктан, көпчүлүк партияга ишеним арта баштады.

Социалдык маселелерди биргелешип чечүү багытында саясий, социалдык-экономикалык программаны ачык жарыялаганбыз. Анда программаны ишке ашыруунун механизмдери так көрсөтүлгөн. 

Бийлик — элдин ишеними. Күчтүү саясий программа менен элдин ишенимине жетпесек, айтылган убадалар иш жүзүндө аткарылбай калат. Мындан улам партиянын ичинен кадр маселесин камдап жатабыз. Кадр камдабасак, тапшырманы ким аткарат? Партияга кошулгандарды окутуп, тажрыйба берип жатабыз», — дейт Асанбеков.

Асанбеков 2010-жылдан бери «Мекен ынтымагы» партиясынын структурасын түптөө аракетинде аймактарда уюштуруу иштери менен алектенип жатканын белгиледи.

«Ар бир айылдан түшүнүгү бар, алдыга умтулган балдарды таап, аларды окутуп, партияны түптөп жатабыз. Бардык райондордун турмуш талабын эске албасак, саясий, экономикалык деңгээлде туура чечим чыгара албайбыз. Элдин аң-сезими өзгөрүп, өз турмушуна гана эмес, коомдогу маселелерге да көңүл буруу процесстери жүрө баштаптыр», — дейт Асанбеков.

Copyright © 2017 Maral FM