Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азиядагы Америка университетинде инновациялык колледж ачылды

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 597 | 0

Борбордук Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи ачылды. Буга байланышкан азем 26-октябрда өттү. Кыргыз Өкмөтүнүн жана Американын Бард колледжинин, USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү.  Анын окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланган.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Бул колледж заманбап технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Анткени жаңы сапаттуу билим берүү – жаңы мейкиндиктерди, жаңы архитектуралык ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылат”, — деди Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Министр жакынкы аралыкта Кыргызстанды Борбордук Азиядагы билим берүүнүн хабына (борборуна) айлантууга жетишүү аракети бар экенин белгиледи.

Университеттерибиз жана колледждерибиз эл аралык деңгээлде сапаттуу билим берүүгө өтсө, өлкөбүздө билим экспорту, билим берүү туризми өнүгөт. Бизге жаштар дүйнөнүн төрт тарабынан билим издеп мындан да көп келе башташат. Биздин окуу жайлар ушул көрсөткүчтөр менен атаандаштыкка өтүшү керек. Антпесе окуу жайларыбыз эл аралык рейтингдерде өздөрүн көрсөтө алышпайт”, — дейт Каныбек Исаков.

Ал кошумчалагандай, инновациялык колледжге өткөн 204 студенттин ичинде 9 мамлекеттен келген жаштар бар. Алар билим алуу үчүн Германия, Казакстан, Орусия, Америка, Түркия, Өзбекстан, Франция жана Тажикстандан келишкен. Окуу жайлардын модели заманга айкалышып, сапаты артып, таасир этүү географиясы, кулачы кең болуп, ушундай нукта өнүгүшү керек.

Инновациялык колледжде компютердик технологияларга, сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө басым жасалат. 8 багыт боюнча өркүндөтүлгөн окуу программасы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык билим берилет.

Copyright © 2017 Maral FM