Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда кармалган Асылбек Каримов дагы эле Кыргызстанга чыгарыла элек

Кыска кабар | 27 Окт 2019 | 1515 | 0

Тажикстандын Чорку айылына базарга барып, дайыны чыкпай жаткан Асылбек Каримов Кыргызстанга чыгарыла элек. Аны тажик күч түзүмдөрү паспорту жок Тажикстандын чек арасына кирген деген жүйө менен камакка алышкан. Бул тууралуу анын бир тууган агасы Самат Каримов “Маралга” билдирди.

Кечээ Баткен районунун акими Калан Маркаев менен өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов Жака-Өрүккө келип, Асылбектин туугандары менен жолуккан.

Баткен бийлиги Тажикстанда кармалып турган мекендешибизди бошотуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын билдирген.

Асылбек иним 24-октябрда Чоркуга сабиз-пияздын баасын көргөнү кеткен бойдон жок. Каякта экенин билбей кабатыр болдук. Биз соода-сатык менен тиричилик кылабыз. Кайрылбаган жерлерибиз калган жок. Кечээ кечке маал губернатордун орун басары Салихов менен райондун акими Маркаев келди. «Балаңыздар Исфара шаарында (кошуна Тажикстандын райондун борбору) экен. Сабыр кылып туруңуздар. Сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. 7 күндө чыгарабыз дешкен”, — деди Самат Каримов.

Каримовдордун үй-бүлөсү көп жылдан бери эле Тажикстандан азык-түлүк ташып келип Кыргызстанга сатып, айрым учурда ал жакка керек болгон чарба товарларын жиберип, ишкердик кылып келишет. Асылбек демейдегидей эле үй-бүлөсүнө азык-түлүк алганы барып, ошол эле маалда бааларга мониторинг жүргүзгөнү барган бойдон тажик күч түзүмдөрү кармап кетишкен.

Кечээ Самат Орто-Боз айылынын бир нече тургундары менен кошо Ош-Исфана жолун буушуп, Тажикстанга кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан Асылбекти табууга, аны бошотууну талап кылышканын айтты.

Облустук милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, акцияга чыккандар тарап кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM