Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 494 | 0

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан сот айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштерине шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Учурда сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM