Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Кошумча нарк салыгы баарына бирдей каралышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 685 | 0

Көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн фискалдык реформа жасоо зарыл. Бул тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, салык төлөө талашы боюнча соттук иштерде 87% мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеңип чыгат. Бул аша чапкандык. Бизнесте атаандаштыкка бирдей мамиле түзүлүшү керек. Алсак, кошумча нарк салыгын ири компаниялар гана төлөйт. Бирок салыктын аталган түрү баарына бирдей болушу зарыл.

«Ишкерлердин «крышалары» бар. Кыргызстанда орто, чакан бизнес ушундай иш жүргүзүп калган. Эгерде ишкер төлөмдөрдү төлөөгө макул болбосо, жаман нерсеге кабылат. Расмий өкүлдөргө кайрылган менен көйгөй чечилбейт. Кошумча нарк салыгы баарына бирдей болгондо гана атаандаштык жаралат. Расмий экономика болгондо, укук коргоо органдарына расмий кайрылуулар түшөт. Мисалы, мен көмүскөдө жүрсөм, расмий бийликке кайрыла албайм. Расмий иштей баштаганда майда ишканалар чоң компанияларга биригип, формалдуу экономика түзүлөт. Мындайда каракчылар ири компанияларга тийише албай калат», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM