Биз менен байланышыңыз

9 айда Кыргызстанда 34 адам өрттө күйүп каза болгон

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 459 | 0

Кыргызстанда соңку 9 айда катталган өрт кырсыктарынан каза болгондордун саны 34кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоодон адам өмүрү кыйылган учурлардын көпчүлүгү Чүй облусунда катталган. 9 айда катталган өрттөн Чүй облусунун 11 жашоочусу жан берген. Бишкекте 8, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда – 2, Ысык-Көлдө – 2 жарандын өлүмүнө өрт кырсыгы себеп болгон.

Катталган өрттүн көпчүлүгү, 1453 өрт турак жайларда болуп, 30 адамдын өмүрүн жалмаган.

Copyright © 2017 Maral FM