Биз менен байланышыңыз

Сирияга 300дөй орус аскердик полициясы келди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 606 | 0

Бүгүн, 25-октябрда Орусиянын 300дөй аскердик полициясы Сирияга келди. Алар сирия-түрк чек арасындагы күрддөрдү чыгарууга жардам бермекчи. Бул тууралуу «РИА Новости» Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Буга чейин, 24-октябрда, Сирияга кошумча 276 орусиялык аскердик полиция жана 33 техника жөнөтүлөрү айтылган болчу.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Орусия менен Түркиянын президенттери Сочиде жолугуп, макулдашуу тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, 23-октябрдан тартып чек арадагы 32 чакырымды түзгөн тилкеге, же буфердик аймакка орусиялык аскердик полиция жана Сирия өкмөтүнүн чек арачылары киргизилди. Күрд куралдуу кошуундарына бул жерден 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек экендиги эскертилген.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM