Биз менен байланышыңыз

«Арстан Алайдын «Кудаймын» дегенине эмес, башка сөздөрүнө экспертиза жасалат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 1939 | 2

Ар бир адам өз оюн эркин айтуу укугуна ээ.  «Кудаймын» дейби, башка сөз айтабы — ал жарандын эрки. Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзүнө эмес, акыркы жылдары социалдык баракчалар, телеканалдар аркылуу айткандарына экспертиза жасалат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Арстан Алайдын айткан сөздөрүндө түрдүү диндерге, улуттук баалуулуктарга карата, диний кастыкты козутуу маселелери боюнча экспертиза жасалат», — дейт Эргешов.

Анын айтымында, лингвистикалык соттук-экспертизаны өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жасайт. Ал үчүн ИИМ тарабынан тийиштүү материалдар жиберилген.

Эргешов кошумчалагандай, адам сөз эркиндигине жамынып, фашисттик идеяларды айтып, бир улутту экичисинен жогору коюп, кайсы бир динди кемсинтипеши керек. Эркиндиктин да чеги болот. Мыйзамдарга, жарандарга зыян келтирбеген, коомду бөлүп-жарбаган ойлорго эч ким тыюу салбайт. Ал эми радикалдуу, экстремисттик чакырыктарга чара көрүлөт.

Арстан Алайдын “Мен Жаңы Кудаймын” деп айтканы боюнча кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM