Биз менен байланышыңыз

Дин комиссиясы: «Эми чет өлкөдө диний билим алуучулар бизге маалымат берүүгө милдеттүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 811 | 0

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, диний билим алуу максатында чет өлкөгө бараткан жаран Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына маалымат берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Диний билим алууну көздөгөндөр аталган комиссияга кайсы жакка баратканы тууралуу маалымат берип, элчиликтер менен байланыш түзүшү керек. Билим алып келген соң да кабар берүүгө милдеттүү. Жаран жергиликтүү медреселерден билим алып, акыйда маселеси калыптангандан кийин гана чет өлкөдөн илимин улантса, терс агымдарга кирип кетпейт. Чет жактан диний билим алып келген жарандарды Кыргызстанда кайра окутуу маселесин да көтөрүп жатабыз. Мамлекет билим берүүнү колго алышы керек», — дейт Эргешов.

Анын айтымында, мыйзамдагы өзгөртүүлөргө жараша адамдарга психологиялык таасир этүү менен алдоо, финансылык каражат сунуштоо аркылуу кайсы бир динге өткөрүүгө тыюу салынат.

«Өлкөдө дааватка тыюу салынат деген сөз туура эмес. Тескерисинче, тартипке келтирилип, максаттуу жүргүзүлсө… Эң негизги максат — элдин, мамлекеттин коопсуздугун сактоо», — дейт Эргешов.

Copyright © 2017 Maral FM