Биз менен байланышыңыз

Эргешов: Эми диний уюмдар аймактагы тургундардын макулдугу менен түзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 768 | 0

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мурда диний уюмдар республика боюнча 200 адамдын макулдугу менен түзүлүп келсе, эми аймакта жашаган 200 адамдын макулдугу талап кылынат.  Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Мындан сырткары, дин ишмердиги менен алектенген кызматкерлер жергиликтүү бийлик органдарына маалымат берип турууга милдеттендирилет.

«Мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдү мечит, чиркөөгө алып барууга тыюу салынат. Бирок бул боюнча тийиштүү мыйзам аткарылбай келет. Мындан улам ата-энелердин жана диний уюмдун жетекчилигинин жоопкерчилигин арттыруу максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Алсак, имам мечитке келген жаш баладан кимдин уруксаты менен келгенин суроого милдеттендирилет. Балдарды ар кандай терс агымдардан сактоо максатында ушундай чаралар көрүлүүдө», — дейт Эргешов.

Эргешов өлкөдө 21 диний уюм сот тарабынан экстремисттик, террористтик уюм катары таанылып, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM