Биз менен байланышыңыз

Теңирчилик эмне үчүн диний уюм катары катталбай калган? Себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 1178 | 0

Баш мыйзамга ылайык, кайсы бир уюмдун өкүлдөрү тарабынан улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурган кыймыл-аракеттер болсо, мамлекет аларды чектөөгө алууга укуктуу. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтүү маселесин 2012-жылдан бери көтөрүп келет. Ал үчүн Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясына тийиштүү документтерди тапшырышкан. Бирок коомдук тартип, диндер аралык мамилелерге коркунуч туудуруу маселелери чыгып, документтер артка кайтарылган.

2016-жылы теңирчиликти диний уюм катары каттоо маселесин кайра кароо боюнча соттун чечими чыккан. Ал эми 2017-жылы февраль айында Бишкектин райондор аралык сотунан аныктама келген.

«Анда тийштүү мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалып, теңирчилер берген корутундунун негизинде «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга туура келсе, каттоо маселесин карагыла деп жазылган. Анын натыйжасында экспертиза дайындалып жиберилген. Алар теңирчилерди «коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат» деген жыйынтыгын беришкен. Анын негизинде теңирчилик диний уюм катары катталбай калды», — дейт Эргешов.

Copyright © 2017 Maral FM