Биз менен байланышыңыз

Диний уюмдардын санынын өсүшүнүн себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 641 | 0

Диний уюмдардын санынын өсүшү — элдин динге болгон кызыгуусу жогорулап жатканынан кабар берет. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзам кабыл алынып, натыйжада диний уюмдардын саны өсүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 6 миң 294 диний уюм расмий түрдө каттоодон өткөн. Анын ичинде диний окуу жай, мечит, чиркөө, медресе, кайрымдуулук фонддору бар.

Алсак, Ислам багыты боюнча 2 мин 884 диний уюм болсо, анын 2 миң 665и мечит.

«Мечит диний уюм катары каттоодон өтүп калган. Акыркы жылдары жалпысынан 700гө жакын мечит, медреселер каттоодон өттү. Анткени сыйынуучу жайлар буга чейин каттоодон өтпөй эле ишмердүүлүгүн жүргүзө берген. Дин тутуу эркиндиги  -адам укуктарынны бир бөлүгү», — дейт Эргешов.

Айта кетсек, 1991-жылы Кыргызстан боюнча 39 мечит, 15 чиркөө, 44 башка диний уюмдар болгон. Ал эми диний мекемелердин ишмердүүлүгүн, алардын жургүзгөн саясатын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM