Биз менен байланышыңыз

Арстан Алайдын «Мен Жаңы Кудаймын» деп айтканы боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 1035 | 0

Арстан Алайдын (Арстан Адылдаев) өзүн “Жаңы Кудаймын” деп айткандары боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.

Бул боюнча Кылмыш Кодексинин 313 “Расалык, этникалык, улут аралык, диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштө дин таануу жана лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Арстан Абдылдаевдин (Арстан Алай) айтканарына юридикалык баа берилет”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 16-октябрда Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормонов Арстан Алай өзүн “Жаңы Кудаймын” деп айтканы тууралуу билдирип, тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү талап кылган болчу.


Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп айтканы боюнча экспертиза жүрүүдө


Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов ал кишинин аткандары боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM