Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 752 | 0

Өкмөт башчы Арсенди математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң-чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Өспүрүм кезиңде эле көптөгөн телекөрүүчүлөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Кичинекей кезиңде эле биздин мамлекеттеги өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык,  билим алуу жана  жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү боло алдың», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы аларга биздин өлкөнүн жаркын келечегинин негизин түзө турган  жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү үчүн мамлекет тараптан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Арсенге албан-албан ийгиликтерди каалап, эстеликке кала турган белек тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM