Биз менен байланышыңыз

Орусияда 2024-жылга чейин чакан бизнестерге болгон салык өспөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 545 | 0

Орусияда чакан бизнес ишканаларына болгон салык 2024-жылга чейин өспөйт. Бул тууралуу Орусиянын Каржы министри Антон Силуанов билдирди.

Министрдин айтымында,  ишмердүүлүктүн бул түрү  аймактарды өнүктүрүүгө жардам берет. 6 жыл ичинде чакан бизнес менен алектенген ишкерлердин салыгы көбөйбөйт.

Министр Орусияда чакан бизнес менен алектенүү учурдун талабы экендигин белгиледи. Учурда аталган өлкөдө 240 миң жеке ишкер катталган. Кичи бизнес – келечектин технологиясы болмокчу. Силуановдун айтымында, жеке ишкерлерди колдоо — аймактык экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган максаттардын бири.

Copyright © 2017 Maral FM