Биз менен байланышыңыз

Бишкектин милициясы жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 450 | 0

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн милиционери унаасы менен даракты сүзүп каза болду.

Бул тууралуу күч органынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн таңкы сааттарда, Бишкектин четиндеги Лебединовка айылында катталган. 27 жаштагы милициянын участкалык инспектору К.А. өзүнүн “Хендай Гетц” унаасы менен жумушка келе жатып, рулду башкара албай калып, жол четиндеги даракты сүзгөн.

Ал Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алган жаратынан улам ал ооруканада жан берген.

Окуя боюнча соттук-медиициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалган. Териштирүү иши жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM