Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчысы Сагынбаевдин колдоочулары тынчтык митингине чыгат

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 519 | 0

19-октябрда саат 10.00дө Горький атындагы паркта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевди колдогон тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Колдоочулар Канат Сагынбаевдин соттук териштирүү иштеринде адилеттикти талап кылып чыгышат.

Эске салсак, Канат Сагынбаев «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча айыпталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM