Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 478 | 0

«Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Мунун айынан ички миграция күчөдү. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам», — деди Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда Токтогул районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Маалыматка ылайык, айыл чарба өндүрүмүн кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты.

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагына токтолуп, Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөрүн айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланууда. Камбар-Ата-1 жана Жогорку–Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу иши жүрүп жатат. «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM