Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаевдин иши боюнча алгачкы отурум 15-ноябрга белгиленди

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 488 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук угуулар жыйынтыкталып, алгачкы отурум 15-ноябрга белгиленди. Анда иштин башкы айыпталуучусу катары мурунку президент Алмазбек Атамбаев өтөт.

Соттун алдын ала угуулары жабык өтүп, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Соттук ишке судья Эмилбек Каипов төрагалык кылат.

Алмазбек Атамбаев соттук отурумдарга катышуудан баш тарткан. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн эмес.

Кечээ 15-октябрга белгиленген сот отурумунда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштапкы соттук жыйынга катышуудан баш тарткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM