Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев түрк тилдүү өлкөлөрдүн фондун ачууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 669 | 0

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн бирдиктүү компаниясын түзүп, өнүктүрүүчү фондун, соода-сатык түйүндөрүн жана технопарктарды чогуу уюштуруу сунушталды. Бул сунуш-демилгени Бакуда өткөн Түрк Кеңешинин саммитинин 15-октябрдагы отурумунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев көтөрдү.

Мирзиёев маданий-гуманитардык жакындашуу маанилүү экендигин белгилеп, «Түрк адабиятынын байлыгы» китебин ар ким өз эне тилине которуп алса жакшы болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Өзбекстан Түрк Кеңешинин саммитине толук мүчө катары алгачкы ирет катышууда. Буга чейин кеңеш 4 мүчөдөн турган: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия. Ал эми Венгрия байкоочу өлкө катары катышты.

Copyright © 2017 Maral FM