Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмияновдун соту кийинкиге жылды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 522 | 0

Атамбаевдин айдоочусу, Президенттик Аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму дагы жылдырылды.

Буга жактоочулардын сунушу себеп болду. Отурумда төрагалык кылуучу судья Дамирбек Назаров айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу процессти жылдыруу тууралуу 2 жактоочудан сунуш түшкөнүн айтты. Бул сунушту прокурорлор да колдоп, отурум жылдырылды. Аталган иш Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралууда.

Илмиянов алдамчылыкка айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.

Бул компаниянын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович. Учурда ал жабырлануучу катары сотко катышууда.

Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу. Аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды 2018-жылдын сентябрь айында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева жазган. Учурда ал — күбө.

Copyright © 2017 Maral FM