Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмиянов тергөө менен кызматташуудан баш тарткан

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 1094 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу, аппаратынын башчысы, кеңешчиси кызматтарын аркалаган Икрамжан Илмиянов үй камагына чыгарылган жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Ыкчам-иликтөө иши боюнча башкармалыгынын ага прокурору Бакытбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Илмиянов тергөө абагында кармалууда. Анын баш коргоо чарасы 28-августка чейин узартылган.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Илмияновдун мүлкү камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы узартылышы мүмкүн, же иши сотко ашышы мүмкүн. Ал тергөө менен бүтүм түзгөн жок. Эгер түзөм деп кайрылса, тергөө органдары тарабынан каралышы мүмкүн. Азырынча андай жок», — деди Сыдыгалиев.

Илмияновго былтыр Улуттук коопсуздук комитети тарабынан «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM