Биз менен байланышыңыз

Футбол. Монголия – Кыргызстан беттешин ливандык калыстар тейлейт

Кыска кабар , Спорт | 15 Окт 2019 | 628 | 0

Бүгүн Дүйнө чемпионатына тандоо турундагы Монголия — Кыргызстан беттешин ливандык калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Оюн Монголия футбол стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Беттештин башкы калысы болуп Абу Яхья Хуссейн иштейт. Ал эми Аднан Абуллах менен Самир Бадр каптал калысы катары жардам көрсөтөт. Омандык Аль-Шахси Халид болсо кошумча калыс милдетин аткарат.

Кыргызстандын улуттук курамасы бул беттеште кызыл түстөгү кийим менен ойнойт. Кечээ башкы машыктыруучулардын жана капитандардын маалымат жыйыны, оюнда кийип чыгуучу формага чүчкулак тартылган. Монголия бул оюнда ак түстөгү кийим менен чыгышат.

Copyright © 2017 Maral FM