Биз менен байланышыңыз

Перифериялык жол менен 9 айда бюджетке 356 млн сом түштү

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 457 | 0

9 айда перифериялык түзүмдөр аркылуу 304 миң 711 салыктык төлөм жүргүзүлдү. Анын натыйжасында бюджетке 356,9 млн сом түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,3 миң төлөмгө жана 40,5 млн сомго көп. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анын ичинен эң көп сумма төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, 250 миң 781 төлөмдөн 276,9 млн сом келип түшкөн. 

Салык төлөөнүн инновациялык башка ыкмалары менен алсак, банкомат аркылуу 17,3 млн сомго 15 миң 925 төлөм, веб-кассалар аркылуу 40,8 млн сомго 8940 төлөм, интернет-банкинг аркылуу 11,9 млн сомго 14 миң 590 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу 6,5 млн сомго 10 миң 811 төлөм, электрондук капчык аркылуу 2,6 млн сомго 3300 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын киргизүү накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөр үчүн шарттарды түзүү жана өлкөдө салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM