Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы кылмыштуу топтун мүчөсү «Казакты» колго түшүрдү

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 2563 | 0

Ош шаарынын криминалдык милициясы мурда соттолгон, «Казак» каймана ат менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

«Казактын» өз ысымы М. У. 1981-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган, учурда Ош шаарында турат.

9-октябрда Оштогу «Скай-бар» түнкү клубунда 1996-жылы туулган жергиликтүү тургун менен чырдаша кетип, аны курч нерсе менен бир нече жолу чаап салып, из жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү эртеси, 10-октябрда кармалып, Ош облустук милициясына алынып келинген. Сурак учурунда шектүүнүн абалы оорлоп, Тез жардам чакырылып, ооруканага жеткирилген. Учурда ал ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Палатанын эшигин милиция күзөтүүдө.

Оштун милициясы «Казактан» жапа чеккендер болсо, 03222-2-46-78 номеирне кабарлап коюну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM