Биз менен байланышыңыз

Шаардыктардын эсине! Футболго байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 501 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын беттешине байланыштуу Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылдарына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министринин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Саат 18:00дөн тарта стадиондун тегерегиндеги Тоголок Молдо көчөсү— Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү — Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин тосулат.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда 2022-Дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы Мьянма командасын кабыл алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM