Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Ашхабаддагы Тышкы иштер министрлеринин Кеңешине катышат

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 439 | 0

Бүгүн, 10-октябрда өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Министрлер өлкөлөр арасындагы тышкы, аскердик жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкууга алышат. Тараптар ошондой эле маалыматтык коопсуздук жана мыйзамсыз наркосоодага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү документтерди карашат.

Отурумдун катышуучулары мындан тышкары, эртең, 11-октябрда Ашхабадда өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын жыйынына киргизилүүчү бир катар документтердин долбоорлорун бекитишет.

Copyright © 2017 Maral FM