Биз менен байланышыңыз

Боронов: Кытай биздин өлкө үчүн маанилүү өнөктөш

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 578 | 0

Кытайда жумуш сапарында жүргөн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кубатбек Боронов Ли Кэцянга премьер-министрдин атынан салам жолдоп, кыргыз тарап стратегиялык өнөктөшү –Кытай менен достук мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө олуттуу маани берерин белгиледи.

«Тараптар эки жактуу маанилүү макулдашууларга жетишишти. Ушуну менен бирге Кытай Өкмөтүнө кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кытай биздин өлкө үчүн маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөш. Республикада энергетика, транспорт, кен иштетүү, кызмат көрсөтүү, логистика чөйрөлөрүндө көп сандагы кытай компаниялары ийгиликтүү иштеп жатышат», — деп белгиледи Боронов.

Өз кезегинде Ли Кэцян премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге салам жолдоп, биздин өлкөлөр жакшы алакадагы, жемиштүү жана көп пландуу кызматташтык жүргүзгөн коңшулар экендигин ырастады.

«Эки жактуу мамилелерди мындан ары карай тереңдетүү үчүн тараптардын бекем негизи бар. Кытай кыргыз тарап менен практикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, жагымдуу инвестициялык климатты жана тиешелүү шарттарды түзүүгө умтулат», — деди Ли Кэцян.

Copyright © 2017 Maral FM