Биз менен байланышыңыз

Британия полициясы 580ден ашык экоактивистти камады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 664 | 0

Лондон шаарында табияттын корголуусун талап кылып нааразычылык акциясына чыккан «Extinction Rebellion» (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын 583 мүчөсү Британия полициясы тарабынан кармалды. Акцияны көзөмөлдөө үчүн 500 коопсуздук кызматкери тартылган.

Лондондогу акцияларга 30 миңдей киши катышып, эки аптага созулары айтылган. Биринчи эле күнү полиция кызматкерлери 200 чакты кишини кармаган.

Былтыркы жылы өткөн нааразылык акциясында 1100 адам кармалган болчу.

«Extinction Rebellion» кыймылынын каршылык акциясы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө багытталган. Экоактивисттер климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүдө бийлик тарабынан да активдүү аракеттер көрүлүшүн талап кылышууда. Мындай акциялар дүйнөнүн 60 шаарында өтүп жатканын ВВС кызматы жазды.

  • Сиднейде демонстранттар негизги унаа жолуна олтуруп алып, каршылыгын билдиришти. Полиция күч колдонуп, жолду бошотту. Мындай мүнөздөгү жүрүштөр Мельбурн жана Брисбенде өттү.
  • Жаңы Зеландияда бир нече активист мунай жана газ өндүрүүгө уруксат берген өкмөттүк имаратты курчап алган. Полиция аларды таратып, бир нечесин кармады.
  • Амстердамда кан жолго чатырларды тигип алгандардын элүүсү полиция тарабынан кармалды.
  • Берлинде дагы активисттер жол бөгөшкөн. Бирок бийлик камакка алуулар болбой турганын билдирди.
  • Парижде миңдеген активисттер соода борборуна жыйылышты.

Copyright © 2017 Maral FM