Биз менен байланышыңыз

Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюму менен болгон кызматташуу кеңейет

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 1489 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмунун башкы директору Роберто Азеведо менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечеги тууралуу талкуулашты.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна 1998-жылы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп кошулган. Мүчөлүгүнүн 21 жыл ичинде өлкөнүн соода жүгүртүүсү — 1,404 млрд доллардан 6,672 млрд долларга чейин жетип, 4,5 эсеге көбөйгөн.

Министр кыргыз тарап мамлекеттик органдардын адистеринин жана академиялык чөйрө өкүлдөрүнүн дараметин күчөтүүгө багытталган улуттук жана эл аралык тренингдерди өткөрүү тармагындагы Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмунун катчылыгы менен болгон кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигин билдирип, Уюмдун катчылыгы тарабынан кыргыз тарапка үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан консультациялык, техникалык жана билим берүү жаатындагы көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, Роберто Азеведо Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымын жогору баалап, аны чыңдоо үчүн өлкөнүн жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык айтты.

Copyright © 2017 Maral FM