Биз менен байланышыңыз

Жер титирөө коркунучу күч аймактарда жаңы 6 мектеп курулуп, төртөө оңдолот

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 580 | 0

2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк «Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коркунучту баалоо» долбоорун жүргүзүп, анын алкагында Фергана, Ысык-Ата аймактарында жайгашкан жана 7,3-7,5 балл болгон жер титирөөдө эң көп курман болууларды жана бузулууларды алып келе турган 12 район аныкталган.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан эл аралык илимий ыкмалар колдонулуп, 12 райондогу 300 мектептин имараттары изилденип, 10 мектеп тандалып алынды.

Мында 6 өзгөчөлүккө басым коюлган:

  • Мамлекеттик мектептер;
  • Шаар жеринде жайгашкан мектептеги окуучулардын саны 500дөн кем эмес, айыл жеринде мектептеги окуучулардын саны 100дөн кем болбоосу;
  • Мектеп 70%дан ашык толук болуусу;
  • 1970-жылдан кийин курулган имараттар;
  • Имарат 70%дан кем эмес инженердик талаптарга жооп берүүсү зарыл;
  • Мектептер сейсмикалык коркунучу бар 12 райондо жайгашуусу.

Долбоордун негизинде сейсмикалык туруктуу, энергоүнөмдүү, санитардык жана гигиеналык талаптарды эске алуу менен жаңы алты мектеп салынып, дагы төртөө реконструкциядан өтөт. Учурда техникалык-экономикалык жана долбоордун сметалык негиздемесин даярдоо үчүн консультациялык кызматтарга тендер жарыялоо жумуштары аткарылып жатат.

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда «Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун каржылоо боюнча мыйзамы ушул жылдын 29-январында ратификацияланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM