Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Парламенттин босого чегин 5 пайызга түшүрүш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 664 | 0

Парламентке өтүү үчүн босого чекти 5 %га түшүрүү зарыл. Анткени, Жогорку Кеңешке ар бир саясий күчтүн өкүлдөрү келиши керек. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун адамдары босого упайды 9 %га көтөрүп, монополиялык бийликти колго алалы деген саясат менен келе жатышат.

9 пайыздык чек — саясий коркунуч. Мындайда 2 млн шайлоочу шайлоого катышса, 181 миң добуш алган партия гана парламентке өтө алат.

«Парламентке өзүнүн партиясын алып келип, Конституцияны өзгөрткөн этаптан туңгуч перзидент Аскар Акаев да өткөн. Ал кезде оппозиция сыртта калган. Колдон келсе оппозициялык маанайдагы партиялар да бийликке келип, парламенттин ичинен салгылашуусу керек. Босого упайга жетпей сыртта калган партиялардын шайлоочуларынын өкүлдөрү жок болуп, алар көйгөйлөрүн айта албай митингге чыгат, курултай уюштурат да, революция болот. Акаев да, Бакиев да монополия түзөм деп революция менен аяктады. Азыр да ушундай кырдаал түзүлүп жатат», — дейт Кадырбеков.

Ал кошумчалагандай, Конституция өзгөргөн сайын мамлекеттик түзүлүш да өзгөртүп, туруктууу мамлекеттүүлүк жок болуп жатат. Мындан улам Кыргызстан өсө албай жатат.

Copyright © 2017 Maral FM