Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдөн» кантип көбүрөөк пайда табууга болот? (Жапаровдун жообу)

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 711 | 0

«Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү чабал иштеп жатат. Алар кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Аларга эптеп 3-5 миң доллар берип койсо эле бүттү. Директорлор кеңешине кыргыздын таламын талаша турган жигиттер болушу керек. Кенди ичинен, эмне болуп жатканын билгенде гана талаптарды коё алабыз», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү өкмөт «Кумтөргө» бир нече талаптарды коюу керектигин белгиледи.

«Алтынды Кыргызстанга сатыш керек. Ошондо айрым чыгымдар жокко чыгарылат, Кыргызстанга валюта келе баштайт. Алтынды жалаң гана чийки негизде эмес, 10 пайызын кайра иштетип сатуу керек. «Кумтөр» жыл сайын чет жактан 12 млрд сомдук чийки зат (сырьё) сатып алып, алтын өндүрөт. Ошол чийки заттын 10%ын Кыргызстандан сатып алышы керек деген талап коюу зарыл. Ошондо «Кумтөрдөн» көбүрөөк пайда көрөбүз», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM