Биз менен байланышыңыз

Кочкор-Ата базарынан өрт чыкты

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 484 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрт кечээ, 7-октябрда кечки саат 8дер чамасында башталган. Анда контейнерден салынган соода жайлар ичиндеги товары менен кошо өрттөнүп кеткен. 400 чарчы метр аянтка жайылган өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин Ноокен райондук №55 бөлүмүнөн 2 бригада, 8 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 бөлүмүнөн 1 бригада, «Кыргызнефтегаз» ишканасынан 1 бригада, мындан сырткары, ИИМ кызматкерлери, Тез жардам бөлүмү тартылган.

Өрт саат 20:50дө чектөөгө алынып, 21:30да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктан жабыркагандар катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери, материалдык чыгымдар такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM