Биз менен байланышыңыз

«Конституцияны парламенттик шайлоодон соң сөзсүз өзгөртүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 462 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде учурда Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык жок экенин билдирди.

Анын айтымында, Башмыйзамда кемчиликтер көп. 2020-жылкы парламенттик шайлоодон соң сөзсүз өзгөртүү керек.

«Депутаттардын санын 60ка түшүрсө жакшы болот. Башмыйзамды өзгөртүүдө биринчи маселе эл өкүлдөрүнүн санын кыскартуу болсо керек», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү белгилегендей, бийлик бутактары өз жумушун жасабай, башка иштерге аралашып кетүүдө. Алсак, парламент чарбалык иштерге, аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу иштерине аралашып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM