Кечээ Ысык-Көлдүн Тоң ашуусунда мал айдап келаткан 2 чабан кар көчкүгө кабылган. Алар көчкүдөн өз алдынча чыгышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Көчкүдөн аман калышкан 43 жана 46 жаштагы малчыларга ӨКМден 6 куткаруучу, Тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандар Тоң райондук ооруканасына жеткирилген. Биринин буту сынып, биринин жамбашы чыгып кеткен. Учурда абалдары канааттандырарлык. Бактыга жараша, малы чыгымга учураган эмес. Аларды айылга туугандары айдап кетишкен.