Биз менен байланышыңыз

Борбордун мыкты мугалимдери сыйланды

Билим-маданият | 3 Окт 2019 | 582 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек мэриясы борбордогу мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда Бишкек шаарынын мектептеринен келген мыкты мугалимдер «Эң мыкты мугалим», «Эң жаш мугалим», «Эң мыкты тарбиячы» жана башка ушул өңдүү ар кандай номициялар менен сыйланышты.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанаттуу иш-чарага Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков да катышып, агартуучуларды майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө мугалимдерге жакшы шарт түзөрүн убада кылды.

«Эң жаш мугалим» номинациясына ээ болгон Бишкектеги №51 мектептин башталгыч классынын мугалими Асель Субанбаева жеңишке жетүү оңойго турбаганын билдирди.

— «Эң жаш мугалим» деген номинацияга ээ болдум. Буга чейин да көптөгөн сынактарга катышып келгем. Бирок жеңишке жетүү оңой болгон жок, ар бир нерсенин өзүнүн кыйынчылыгы болот, талыкпаган эмгектин артынан ушундай жеңишке жетишип отурам. 

Бир канча жылдык эмгек стажы бар тарых мугалими Айпери Залкарбекова үчүн мектеп экинчи үйүндөй болуп калган. Ал ар бир балага өзгөчө мамиле кылып, окуучуларын өз баласындай көрөрүн, алардын жакшы иштери, жараткан ийгиликтери мугалим үчүн жеңиш экенин айтат.

— Мектеп экинчи үйүң, ал эми  окуучулар өз балаңдай болуп калат экен. Себеби, алар менен күн сайын көрүшүп, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылабыз. Бүтүп кеткен окуучуларым келип куттуктап кетишет. Чындыгында ичиңден сүйүнөт экенсиң. 

Белгилей кетсек, Мугалимдер күнү 100дөн ашуун өлкөдө белгиленет. Ал эми Кыргызстанда октябрь айынын акыркы жекшембиси Мугалимдер күнү катары майрамдалып келген. 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен бул майрам туруктуу 5-октябрга бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM