Биз менен байланышыңыз

Импорттоочулардын товар ташып келүүдөгү бузулуулары аныкталды

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 364 | 0

Орусиядан 4 миң 554 даана эшик жана 400 даана чатыр материалдарын алып келе жаткан унаа «Чалдыбар» өткөрмө бекетинен кармалды. Анда товар ташып келүүгө салыктык каттоо боюнча салык органынын мөөнөтү өткөн маалымкаты болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

«Ак-Тилек унаажолу» өткөрмө бекетинен импорттоочулар 17,4 тонна металл формаларын, 520 миң сомдон ашуун суммадагы эшик кулпуларын, 883 миң сом суммасында чарбалык товарларды салык органынын салыктык каттоо жөнүндө мөөнөтү өткөн маалымкаты менен алып өтүүгө аракет кылышкан.

Аталган өткөрмө бекеттен 108 миң сом өлчөмүндөгү 20 тонна сабизди алып өтүүгө болгон аракетке бөгөт коюлган. Текшерүүдө коштомо кагаздагы маалыматтар менен товарга эсеп-фактуранын маалыматтары дал келбегендиги аныкталган.

Мыйзам бузуу материалдары тиешелүү органдарга андан аркы иш-чараларды жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM