Биз менен байланышыңыз

Мыйзам долбоору: Пластикалык баштык сатканга салык салынат

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 894 | 0

Өкмөт пластикалык баштыктарды жок кылууга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган баштыктардын калдыктарынын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары долбоордо кайра иштетүү жыйымдарын киргизүү менен кагаз баштыктарды колдонууга өтүү жана өлкөнүн ички рыногунда полимердик жана пластикалык баштыктарды сатууда жана/же импорттоодо аларды Кыргызстанда иштетүү үчүн төлөмдөрдү киргизүү да камтылган.

Полимердик жана пластикалык баштыктардын курамынын өзгөчөлүгүнөн улам, алар дээрлик табигый климаттык факторлордун таасири менен жок болбойт, ал эми аларды өрттөө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу өзгөрбөс органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат. Бул «Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө» Стокгольм конвенциясына ылайык, айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы үчүн кооптуу деп таанылган.

Киргизүүгө сунушталып жаткан кайра иштетүү жыйымдары эмгектин сарпталышынын, наркынын жана экологиялык зыяндардын ордун толтурууга багытталат. Жыйымдар экологияга келтирилген зыяндарды жок кылууга мүмкүндүк берүүчү капиталды борбордук топтоо үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен кошумча чыгымдар керектелбейт. Бул колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM