Биз менен байланышыңыз

Айнура Аскарова: Өкмөт мектеп салганын пиар кылбасын

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 412 | 0

Депутат Айнура Аскарова Өкмөт мектептерди куруу иштерин саясатташтырып, пиар менен алектенип жатат деп сынга алды. Бул пикирин ал Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Өкмөт жаңы мектептерди салып жакшы иш баштап жатат. Бирок улам жаӊы мектептердин пайдубалы түптөлүп жатканына карабастан, мектептерди куруу жаатындагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай келгенин белгиледи. Мисал катары, депутат Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаӊы имаратынын курулушун айтты. 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп турат.

«Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап коюп, жалаӊ пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын адегенде аягына чейин бүтүрүп, андан кийин жаӊысын баштабайсыӊарбы! Ошондо биз балдарды окутууга даяр мектептерге ээ болот элек», — деп кошумчалады депутат.

Copyright © 2017 Maral FM