Биз менен байланышыңыз

Бекешов: Сунушталган мыйзам профсоюздардын ишин оңдой албайт

Күн чекит | 2 Окт 2019 | 674 | 0

Депутаттар тобу сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда Кесиптик кошуундардын ишин оңдоого багытталган ченем жок. Мындай пикирин эл өкүлү Дастан Бекешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кесиптик кошуундар бир эле федерацияга караш керек. Бир эле киши районбу, облус болобу, төрагаларды өзү шайлайт. Бул мага жаккан жок. Экинчиден, депутаттар кесиптик кошуундардын мүлктөрдү, жерлерди, пансионаттарды сатып жатканы боюнча айтышты. Ооба, андай учурлар бар. Бирок бул мыйзам долбоору менен көйгөй чечилбейт. Себеби, булардыкы мамлекеттик эмес, жеке менчик мүлк болуп жатат», — деди Бекешов.

Бекешовдун белгилешинче, Кесиптик кошуундар өз ишин ачык-айкын жүргүзүп, жасаган жумуштарын жарыялап, каражаты жөнүндө отчет берип турса, бүгүнкүдөй көйгөй болмок эмес. Мындан сырткары, мүлктөрдү сатууга тыюу салынса да, көп маселе чечилмек.

«Кесиптик кошуундар сөзсүз болушу керек. Айрыкча, чоң ишканаларда. Мисалы, Кумтөрдө өзүнчө кесиптик кошуун бар. Ал эми көпчүлүк кичи ишканалар патент менен иштегендиктен, аларда жок. Эгерде эмгек кодекси аркылуу иштесе, анда сөзсүз кесиптик кошуундар болушу зарыл. Булар жумушчулардын укугун коргойт», — дейт эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 2-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Анда көптөгөн талаш-тартыш маселелер пайда болуп, «Профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, ич ара тирешүү, чыӊалуу болуп жатат», — деген да пикирлер айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM