Биз менен байланышыңыз

Акаев: «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барбайм

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 751 | 1

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдор менен» деп айтылып жатат. Мен, Жанар Акаев «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы менен бир да жолу сүйлөшкөн жокмун. Алар менен шайлоого барбайм дагы. Алар мага муктаж эмес, мен дагы аларга муктаж эмесмин», — деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Азаттык» уюштурган талкууда.

Мындан сырткары, эл өкүлү учурда парламент түздөн-түз президенттен көз каранды экендигин айтты.

«Кыргызстанда парламенттик –президенттик башкаруу болгону менен иш жүзүндө нак президенттик башкаруу болуп жатат. Парламенттин 90 %ы бизнесмендерден турат, алар эч качан адилеттүүлүктү калыс талап кыла албайт. Биз сунуштаган  бир да мыйзам өтпөйт«, — деди Жанар Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM