Биз менен байланышыңыз

Бишкек Жылуулук электр борбору кышка даяр

Коом | 2 Окт 2019 | 1142 | 0

Бишкек Жылуулук электр борбору кышка 90 % даяр.  Учурда жылытуу үчүн жетиштүү көлөмдөгү көмүр бар экенин борбордун маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, Казакстандан 400 миң тонна көмүр  келет, андан сырткары, жергиликтүү көмүр да колдонулат.

Муну менен катар, «Бул жылы кырсык кайталанбайт», — деди Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев маалымат жыйынында.

Октябрда көмүрдүн запасы 230 миң тоннага чейин жетет. «Электр станциялары» ачык акционердик коому көмүр сатып алуу боюнча сынак жарыялаган. Тендерден утуп алган Казакстандын «КонтактУглеПром» компаниясы быйыл ЖЭБди 400 миң тонна көмүр менен камсыздайт.

Ал эми энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Казакстандан келе турган көмүр май айында келиши керектигин, бирок 10 миң тонна гана келгенин сындады. Ал кышка чейин көмүр даяр болушуна эч ким кепилдик бере албастыгын айтып, былтыркыдай окуя толук кайталанышы мүмкүн деген ойдо.

— Казакстандын «КонтактУглеПром» компаниясы алып келе турчу 400 миң тонна көмүр май айында келиши керек эле, бирок октябрь болсо да толук келе элек. Толук даяр деп айтуу эрте деп ойлойм. Эч ким кепилдик бере албайт, себеби, суунун көлөмү жетиштүү эмес. Былтыркы авария  толук кайталанышы мүмкүн. 

Мындан тышкары, электр энергиясына байланышкан сурообузга Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси  Нурдин Султамбаев ГЭСтерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар жаңыланганын айтты. Ошондой эле, суунун көлөмү жетиштүү экенин, кышында жылуулук толук берилерин маалымдады.

— ГЭСтерди реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Керектүү жабдуулар жаңыланды. ГЭСтерди көрүп келдик, суунун көлөмү жетиштүү, быйыл шаарды электр энергиясы менен толук камсыз кылабыз. Электростанциялар реконструкциядан өттү, ошондой эле, жаңы электротрансформаторлор коюлду.

Учурда кампада 130 миң тонна көмүр бар, анын ичинен 11 миң тонна көмүр импорттолгон. Ал эми кышында жылытуу мезгилинде күнүнө 5 миң тоннага жакын көмүр жагылат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан улам шаар тургундары дээрлик бир жума жылуулуксуз калган. Бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголуп, сот иштери уланууда. Ал эми ушул эле жылдын 6-сентябрында да авария катталып, 2 кызматкер жабыркаган. Бирок ал дароо калыбына келтирилип, өкмөт тынчсызданууга негиз жок деген маалымат тараткан.

Кыргызгидромет борбору октябрь айында абанын температурасы 10 градус жылуу болот деп билдирген. Буга байланыштуу жылуулук ноябрь айында берилип баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM