Биз менен байланышыңыз

Грузия менен Казакстандын футболдук беттеши массалык мушташ менен бүттү

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2019 | 701 | 0

Грузия менен Казакстан курамаларынын америкалык футбол боюнча жолдоштук беттеши массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазып чыкты. Интернеттеги First and Goal бул окуянын видеосун жарыялады.

Беттештин аяктаарына саналуу мүнөттөр калганда, казакстандыктар 14:22 эсебинде утуп жаткан маалда грузиялык спортчу орой ойноп, атаандашын муштап ийген. Казакстандыктар командалашына болуша кетип, ортодо массалык мушташ чыккан. Мушташка алмашууда турган оюнчулар да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM